IMG_3025

Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы Элчилигинин атайын баракчасына кош келиңиздер! Биз Евразия материгинин так борборунда жайгашкан, кереметтүү Тянь-Шань тоолору менен курчалган ажайып кооз өлкөнү тааныткан өкүлчүлүк болобуз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы үч миң жылдан ашуун мезгилди камтыйт. Ал эми заманбап Кыргызстан – бул экономикалык, социалдык тармагына басым жасап ыкчам тездикте өнүгүп жаткан демократиялуу мамлекет.

2012 жылы Кыргызстан 45 өлкөгө 60 күндүк визасыз режим киргизди. Ал өлкөлөрдүн ичинде АКШ жана Канада да бар. АКШ жана Канададагы Кыргыз Республикасынын элчилиги туристерди, студенттерди, бизнесмендерди жана башка биздин өлкөгө баргысы келген инсандардын демилгесин кубаттоо менен кабыл алат. Биз Кыргызстандагы ар түрдүү деңгээлдеги керектүү байланыш жана кызыктырган тармак боюнча толук маалыматтарды сунуштайбыз. Эгер сиз Кыргызстанда 60 күндөн ашык  жүрүү максатыңыз болсо, биздин консулдук бөлүмүбүз сиздин виза алуу боюнча арызыңызды чоң кубаныч менен караштырып чыгат.