Home » Географиясы

Географиясы

Кыргызстандын жалпы аянты 198,500 чарчы чакырымды түзөт. Мамлекеттин аймагы чыгыштан батышка карай 900 чакырым, түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстан түштүк чыгыштан Кытай менен чектешсе, түндүк батышы Казахстан, түштүгү Өзбекистан, түштүк батышы Тажикистан менен чектешет.

Кыргызстандын рельефинин көбүн Тянь-Шань жана Памир тоо системалары ээлейт. Бул тоолор  өлкө аймагынын 65 % (пайызын) ээлешет. Тянь-Шань тоолорунун бир катар бөлүгүн түзгөн Алай кырка тоолору түштүк батышта жарым ай түрүндө өлкө ичине кайрылып жайгашса, чыгышынан Тянь-Шань тоосунун негизги бөлүгү түштүк Кыргызстан менен Кытай чек арасын бөлүп созулуп, Кытайдын чыгыштагы Синьцзян уйгур автономдук район аймагына кирип кетет.

Кыргызстан деңиз деңгээлинен орточо эсеп менен 2,750 метр бийиктикте турат. Эң бийик деңгээли Жеңиш чокусу 7,439 метрди түзсө, эң төмөнү Фергана өрөөнү 394 метрди түзөт. Негизинен өлкөнүн 90% аймагы деңиз деңгээлинен 1,500 метр бийиктикте жайгашкан.