Home » Тарыхы

Тарыхы

Байыркы тарых

Кыргызстандын аймагындагы адам баласынын ишмердигинин алгачкы издери палеолит доорунун баштапкы же эң төмөнкү баскычына туш келет. Ал доордун эстелиги болгон таш шайманы, 1953 жылы борбордук Тянь-Шанда Он-Арча дарыясынын сол жегинен А.П. Окладников тарабынан табылган. Таш шаймандарынын жасалган, иштелген жана иштетилүүчү ыкмасы 300 миң жыл мурун жасалганын айгинелейт. Мындан тышкары, Кыргызстандын түштүгүндөгү Ходжа Бакырган Сайда да кайталангыс таш шайманы табылган.

Энеолит доорунан Саймалуу –Таш өрөөнүндөгү ташка чегилген эзелки сүрөттөр дарек берет. Бул ченемсиз бийик ибадат борбору катары энеолит жана коло доорунун орто кылымдарын өзүнө камтыйт.

Биздин заманга чейинки (б.з.ч.) 1000 миң жыл мурунку булактарда мал-чарбачылыгы менен алектенген Орто Азиялык жоокер эл “Сактар” деген ат менен белгилүү болгон. Алар Орто Азиядагы ар бир саясий окуяларга активдүү катышып, чечүүчү роль ойногон.

Б. з. ч. 3 кылымда Орто Азияда «Гунндар» империясы бийлик жүргүзүп турган.

Б. з. ч.   201 жылы Модэ(Маодунь) өзүнө чыгыш Тянь-Шанга жайгашкан Гэгунь (кыргыз) элин баш ийдирип турган. Маодуньдун башкаруусу кыргыз эл тарыхынын эң маанилүүсү Кытай летописинде 201 жылы «кыргыз» этноними биринчи жолу эскерилип жазылат. Сактардын ордун басуучулар Усундар деп аталып тарайт. Жети –Суу, Жумгар жана борбордук Тянь-Шанды ээлешип эң алгачкы эзелки мамлекет курушкан. Усундардын жол башчысы Кюнбаг 71 жылы б. з. ч. Хан империясы менен бирдикте Гунндарды кыйратышат. Бул учурда Кыргызстандын жарымы Фергана өрөнүндөгү Даван мамлекетинин курамында болчу. Даван (эски персид булагында Паркана ) жыш жайгашкан калктуу өлкө болгон. Айрыкча, «Фергана жылкылары» деп аталган кыргыз жылкылары данкталып, Кытай өзүнүн атчандар армиясына алууга өтө кызыкдар болгон. Б. з. ч. 104-99 ж. Даван өзүнүн көз карандысыздыгын Хан империясы менен күрөшүп бербей келген.

VI кылым орто ченинде Алтайда Түрк каганаты (551-744) түзүлгөн. VI кылымдын 70 жылдары, эң кубаттуу, күчтүү мамлекет болуп Хингандан түндүк Кавказ түздүгүнө, жогорку Энесайдан Аму дарыяга чейин бийлик жүргүзүшкөн. Административдик саясий жана башкы соода сатык борбору Суяб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын жердеги Ак-Бешим чалдыбары) болгон. Батыш Түрк каганатынын кыйрашы менен Кыргызстандын аймагында Түркеш каганаты (704-746) сакталган.

746 жылы Карлуктар басып кирген. Карлуктар мамлекети күчтүү көчмөн калктардын биримдигинен түзүлгөндүктөн VIII-IX к.к. Жети-Суу, Тянь-Шанды бийлеп турушкан. Бул мезгилде түштүк Сибирде Энесай кыргыздарынын мамлекети түптөлүп өсүп, уйгурлар менен 20 жылдык тынымсыз согуш жүргүзүп, (820-841) кыргыздар уйгуларды талкалап жеңип чыгат. Уйгур каганатынын талкаланышы, кыргыздардын Орто Азиянын кенен аймагын ээлеши Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө шарт түзгөн.

X – XIII к.к. башында, Караханид каганаты учурунда Кыргызстан аймагына Ислам маданияты кеңири кулач жая баштаган. Бул мезгил шаардык маданияттын түптөлүшү, жазма адабияттын келиши менен тарых, адабиятка көңүл бурулган. Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкарий сыяктуу улуу ойчулдар өзүнүн бийик чыгармаларын жаратышкан.

Чыңгызхандын Орто Азияны басып алышы менен, Чагатай улуусу түзүлгөн. Мындан кийин Хайду жана Моңголстан мамлекеттери түзүлгөн. Моңголстан тушунда кыргыздар тарыхий аренага чыгышкан. Моңгол тарыхчысы Мухаммед Хайдар ошол мезгилдеги кыргыздарды «Моңголстандын жапайы арстандары» деп аталышын жазуу менен Орто Азиядагы башка элдердин арасындагы аброюн так чагылдыра алган.

XV-XVI к. экинчи жарымында, кыргыздар Тянь-Шань, Памир, Алай аймагын ээлешип бүгүнкү этникалык сөөлөтүн түзүп бүтүшкөн. XVII кылымдын орто ченинен XVIII к. чейин, Жунгар ханынын кысымынан өзүнүн эркиндигин сактап келген.

XVIII к. 60 жылдарынан баштап, түштүк кыргыздар, кийинчерээк 20-30 жылдары XIX к. түндүк кыргыздары Кокон хандыгынын таасиринин астында калган.

XVIII к. аягы – XIX к. башында, түндүк кыргыз уруулары өз алдынча Орусия менен байланыш түзө баштаган. 1785 жылы Орусияга Сарыбагыш уруусунун бийи Атаке баатыр биринчи элчилерин жөнөткөн. 1855 жылы Бугу уруусунун өкүлүн Орусия тарап кабыл алган. Бул кыргыздардын Орусияга биригишинин алгачкы жышааны болгон. 1868 жылы түндүк кыргыздар бүтүндөй Орусияга кошулуп, түштүк тарап Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшүн айоосуз баскандан кийин гана, 1876 жылы кошулган. 1867 жылдан тартып кыргыз эли Орусия административдик – аймактык башкаруусуна өткөн. Орусияга кошулуу акырындап экономика, чарба багытында өзгөрүүлөр жүрүп, кыргыз жеринин географиясы жаратылышы, тарыхы, маданияты иликтене баштаган. Орусиянын жер котортуу, салык саясаты улуттук, экономикалык эзүүнү күчөткөн. Биринчи Орусиянын эзүүчүлүк баскынчылык саясатына каршы, 1898 жылы Орто Азиядагы Фергана өрөөнүндө Андижан көтөрүлүшү өткөн. Орус бийлигинин баскынчы эзүүчүлүк саясатына чыдабай, кыргыз эли 1916 жылы көтөрүлүшкө чыгып, аягы трагедия менен бүтүп кырылган. Качканы Кытай, Ооганстанга ооп кеткен. Жарымынан көөбү жолдо өлгөн.

Советтик доор

Орусиядагы 1917 жылдагы Советтик Октябрь революциясынын жеңиши, кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш жылдардан болду. Элдердин укугу, өз алдынчылыгы сакталып СССРден акысыз билим алуусуна жол ачылды. 14 октябрь 1924 жылы Кара-Кыргыз автономдук облусу түзүлүп, Советтик типтеги кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү башталды.

1991 жылы саясий эч кандай тоскоолдуксуз эгемендүлүккө жетишти. Социализм доору Кыргызстанды өнүктүрүп индустриялуу агрардык өлкөгө айланты. Көп тармактуу өндүрүш куруу индустриясы жана куруучулук, транспорт, байланыш, айыл чарба, жеңил өнөр жайы өнүктү. Буга кошумча сатуучулук ж.б. кызмат көрсөтүү түрлөрү жалпы эл чарбачылыгынын бирдиктүү бир бүтүн тармагына айланды. Элдерди эмгек менен камсыздоо жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо турмуш деңгели жогорулады. Айрыкча, бирдиктүү жылуулук менен камсыз кылуу тармагы өстү. Көмүр казуу, жеңил өнөр жайы 80чи жылдары Орто Азия боюнча казылган көмүрдүн 40 % түзүп жатты. Түстүү темир, сурма, сымап, сейрек кездешчү балуу кендер өздөштүрүлдү. Кадамжай комбинаты чыгарган сурма эл аралык базарда эң жогорку сапаттагы сурманын үлгүсү болгонго жетишти. Хайдаркен сымап комбинаты дүйнөдөгү 40 өлкөнү сымап менен камсыздап турду. Мал чарбачылыгы айыл чарбасында жетектөөчү ролду ээледи. Кыргызстан кой чарбасын өнүктүрүү боюнча СССРде РСФСР жана Казахстандан кийинки эле үчүнчү орунду ээлеп турду. Өндүрүштүн дүркүрөп өсүшү менен улуттук кирешеси да өсүп, Украина, Казахстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан, Эстон союздук республикаларынан алдыга озуп чыкты. Аны менен бирге эл жашаган пунктар кеңейип шаарлар пайда болуп, көрктөндүрүлүп өстү. Илимий техникалык революция индустриянын өнүгүүсүнө эле шарт түзбөй социалдык өнүгүүнү да жаратты. Өзгөчө баса белгилей кетчү нерсе, Улуу Ата Мекендик Согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошту. Согушка 360 миң кыргыз жараандары катышышты. Алар эр жүрөктүүлүк менен согуштун бардык фронтторунда согушушкан.  73 жоокер Советтер Союзунун баатыры деген наам алышты. 21 жоокер «Данк» орденинин 3 тепкичи менен тең сыйланышкан. Чоң өлкөнүн жалпы согуш чарбасынын ишенимдүү бөлүгү катары, Кыргызстан өз кучагына көчүрүлгөн элдерди, өндүрүштөрдү кабыл алып, тикелеп эле кайра тургузбастан, өндүрүш мүмкүнчүлүгүн кеңейтип өстүрдү.

Маданий агартуучулуктун башкы бир багыты сабатсыздыкты жоюу, жаңы билим берүү ырааттуулугун түзүү болуп, жогорку, орто, кесиптик окуу жайлары ачылып билим берүү күчөгөн. Жаңы кесиптик кадрлар даярдалган.

1943 жылы түзүлгөн ИА СССР филиалы 1954 жылы Илимдер академиясы статусун алган. Илимдер академиясынын илимдин түптөлүшүнө өнүгүшүнө өзгөчө салымы бар. Кыргыз тилинде жазма адабияттын улуттук профессионалдык үлгүлөрү өсүп чыкты. Дүйнө элдеринин 80ден ашык тилине которулган Чынгыз Айтматовдун чыгармалары улуттук жана дүйнөлүк адабияттан өзгөчө орун тапты. Профессионалдык кыргыз искусствосу – театралдык, музыка, көркөм өнөр (живопись, графика, скульптура, архитектура), киномотографиясы өнүктү. Совет доору оң манаайдагы өсүү менен бирге, тоталитардык режимдин терс жактары     аң  сезимдүү прогрессивдүү ойлонгон алдынкы инсандардын тагдырын алып, трагедияга да туш кылды.

Эгемендүү Кыргызстан

1991 жылы СССРдин таркашы менен, көп кылымдуу тарыхы бар кыргыз эли өз тарыхынын жаңы барагын ачты. 31 августа (баш оона) Кыргызстан өзүн эгемендүү мамлекет деп жарыялап, реформалоонун жаңы этапын баштады. КПССтин убагындагы тоталитардык- авторитардык режим, авторитардык-демократиялык болуп алмашты. Демократия башкаруу принциптери иштелип чыгып, жалпы элдик менчик (мамлекеттик) ордуна жеке менчиктештирүүнүн ар түрдүү формалары сунушталды. Пландуу экономика базар экономикасына алмашты. Мурдагы социалдык деңгели бирдей коом чукул арада чоң ажырымга ээ болду. Коммунисттик идеалогия буржуазиялык-либералдык болуп өзгөрүп, коллективтик аң сезимди жеке индивидуалдык аң сезим сүрүп чыкты. Коомдук саясий жаатта республика мамлекеттүүлүктү аныктоочу бардык белгилерине ээ болуп, дүйнөлүк коомчулуктун тең ата мүчөсү болду. Анткени менен, СССРдин мезгилиндеги чарбалык байланыштар үзүлүп социалдык экономикалык абалдын начарлашына алып келди. Инфляциянын өсүшүнө байланыштуу 1990 жылы улуттук валюта сомду киргизип, өз алдынча финансы акчалай кредиттер менен иштөө саясаты жүргүзүлдү. Ушул эле жылы эгемендүү Кыргызстан алгачкы Конституциясын кабыл алды. Арийне, базар экономикасын ийне жибине чейин өздөштүрүп, иштеп чыгылбаган реформасы мамлекеттик бюджет тартыштыгына алып келди. Агрардык-индустриалдык республикага айланып, элдин тең жарымы жакырланды. Коррупциянын өсүүсү, коом жашоосунун тең салмактуулугунун бузулушу, криминалдык топторду пайда кылып, бийликтегилердин авторитардык башкаруусу – эки жолу бийликти кулатып алмаштырууга алып келди (24 март (жалган куран) 2005 жыл жана 7 апрель (чын куран) 2010 жыл). Өткөөл мезгилдеги убактылуу башкаруу учурунда парламенттик башкаруу системасы орнойт. Жогорку Кеңешке кең укук берилет.

Татаал социалдык-экономикалык абал Кыргызстанды көп багыттуу саясат жүргүзүүгө түртөт. Республикага инвестиция тартып келүү максатында көптөгөн уюмдар менен кызматташат. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна, Европадагы кызматташуу жана коопсуздук уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКО (БУУнун илим жана маданиятын боюнча агартуу уюму) мүчө болду. Толук кандуу кызматташтыкты КМШга (көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги), Коллективтик коопсуздук сактоо келишим уюму (КККУ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Ислам кызматташтык уюму (ИКУ), Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ), Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши (ТТМК) менен жүргүзүүдө. Бажы биримдигине(ББ) кошулуп Евразия экономикалык коомчулугу менен бирдикте интерграциалдык өнүгүүгө кадам таштап, жакынкы өлкөлөр эле эмес, алыскы өлкөлөр менен да тыгыз кызматташууга аракеттенүүдө.

Эгемендүү Кыргызстандын Рухий жашоосу демократиялашуу процессинин негизинде бир топ өзгөрүүлөргө учурады. Базар шартында билим берүүгө байланыштуу ыңгайлаштыруу максатында бул тармакта да бир канча мыйзамдар кабыл алынды. Экономикалык кризис илимий ишканаларга тескери таасирин тийгизбей кое албады. Илимдер академиясынан баштап бардык маданият тармагы татаал шартка ыңгайлашып, жандалбастап өсүүсүн улантып жатышат. Рухий кайра жаралуу доорунда маданий мурастар айрыкча, элдик ооз эки чыгармачылыктын бийик үлгүсү болгон «Манас» эпосу этият аздек мамилеге муктаж.Тилекке каршы, эл аралык сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен күн көрүшүп жаткан маданият тармагындагы бул көйгөйлүү фактыларды белгилебей кое албайбыз. Буга карабастан, мамлекет бул тармакта бир топ укуктук талаада иш чаралар жүргүзүүдө.

Булагы: http://invest.gov.kg/ru/o-respublike-kyrgyzstan/istoriia/