2016-жылдын 11-декабрында өткөрүлчү референдум боюнча маалымат

Урматтуу мекендештер,

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги маалымдайт: 2016-жылдын 3-ноябрынан №174 «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, аталган референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалды.

Жогорудагы Мыйзамды аткаруу максатында, элчилик төмөнкүнү маалымдайт:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрынан № 187 “2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү” жөнүндө токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинде №9034 шайлоо участогу уюштурулду.

         Дареги: 2360 Massachusetts avenue, NW, Washington DC, 20008
         Телефон: (+1-202) 449-92-22 (23);
         Факс: (+1-202) 386-85-50;
         Эл. дарек: info@kgembassy.org

  1. Референдумга катышуу үчүн өзүңүздөрдү www.shailoo.srs.kg порталындагы референдумга катышуучулардын тизмесинен текшерип  чыгышыңыздарды суранабыз.  Добуш берүү күнүндө референдумга катышуучулардын тизмесине кирген, Элчиликтин консулдук каттосунан өткөн жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту болгон жарандар гана добуш бере алышат. Эгерде Сиз өзүңүздү референдумдун катышуучуларынын тизмесинде таппасаңыз, же Сиз тууралу маалымат ал тизмеде туура же так чагылдырылбаса, Сиз тиешелүү шайлоо участогуна 2016-жылдын 24-ноябрына чейин арыз менен кайрылсаңыз болот (Форма №3). Референдумга катышуучулардын тизмеси менен таанышып чыккандан соң, 2016-жылдын 24-ноябрына чейин тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды (форма №2) берүү аркылуу шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниетин билдирүүгө укуктуусуз. Референдумга катышуучулардын тизмесине кириш үчүн 2016-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинде жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча саат 10:00дөн 18:00гө чейин биометрикалык каттоодон өтүү зарыл.
  1. Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги, өз ыйгарым укуктарынын чегинде, мындан да ары референдумду дайындоо боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын жарандарына берип турмакчы.
  1. Эгер Сиздерде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, төмөнкү байланыш каналдары аркылуу кайрылсаңыз болот:
    Телефон: +1 (202) 449-98-31;
    Электрондук дарек: info@kgembassy.org (“референдум боюнча” белгиси менен жөнөтүү зарыл).


Урматтоо менен, 

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги