Home » Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кызматтар

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кызматтар

1. Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстандын жарандарына консулдук каттоодон өтүү зарыл экенин эскертет! Консулдук каттоонун негизги максаты АКШ жана Канада аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын Конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), жана АКШ менен Канада өлкөлөрүндө алардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо (документерин жоготуп алса, кайра жаңы документ алганга жардам берүү) ж.б.у.с. Уландысы…

2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алмаштыруу/алуу

Консулдук каттоодо турган, АКШ / Канада аймагында жашап туруу укугу бар же болбосо узак мөөнөттүү визасы/жумушка иштегенге уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн жалпы жарандык паспортторун (чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорт) Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги аркылуу алмаштыра алышат. Уландысы…

3. Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк

Жалпы жарандык паспортун жоготуп алган же паспортунун жарак мөөнөтү бүтүп калган  Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине убактылуу жолдо жүрүү документин – Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгүн (МКК – мекенге кайтуу күбөлүгүн) – берүү өтүнүчү менен кайрылышса болот. МКК Кыргыз Республикасына жетип алуу үчүн гана жана 30 күндүк мөөнөткө гана берилет. Мекенге кайтып баргандан кийин, күбөлүктү алган жаран бир айдын ичинде тиешелүү органдарга кайрылып жаңы паспортко арыз жазып МККны тапшырышы керек. Уландысы…

4. Жарындык ал-абалдын актыларын катоо (ЗАГС)

АКШ/Канада аймагында жашаган, элчиликтин консулдук каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн элчиликтин консулдук бөлүмү жарандык ал-абалдын актыларын жазуу (ЗАГС) жана каттоо боюнча иш жүргүзөт:

  1. Туулгандыгы жөнүндө актысын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү.
  2. Никелешүүгө тургандыгы жөнүндө актысын каттоо жана никелешүү күбөлүгүн берүү.
  3. Өлгөндүгү тууралуу актысын каттоо жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү.
  4. Никени бузуу актысын каттоо (компетенция чегинде) жана никени бузуу күбөлүгүн берүү.
  5. Аты жөнү алмаштыруу боюнча актысын каттоо (компетенция чегинде). Уландысы…

5. Нотариалдык иш аракеттер

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш аракеттерин жүргүзөт. Өзгөчө элчилик Кыргыз Республикасында ишеним көрсөтүүчүнүн атынан укуктук иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ишеним каттарды жана арыздарды тастыктайт. Нотариалдык иш аракеттер Кыргыз Республикасынын Вашингтон шаарында жайгашкан элчилигинде кайрылуучунун өздүк катышуусу менен төмөнкү документтердин негизинде ишке ашырылат. Уландысы….

6. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу

2007-жылдын 21 майынан №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 6-беренисинин экинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жазуу түрүндөгү арыздын негизинде токтотууга жол берет. Арызды жашы 18ге жеткен Кыргыз Республикасынын жарандары жаза алышат. Уландысы…