Home » Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк

Кыргыз Республикасына кайтууга күбөлүк

Жалпы жарандык паспортун жоготуп алган же паспортунун жарак мөөнөтү бүтүп калган  Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине убактылуу жолдо жүрүү документин – Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгүн (МКК – мекенге кайтуу күбөлүгүн) – берүү өтүнүчү менен кайрылышса болот.

МКК Кыргыз Республикасына жетип алуу үчүн гана жана 30 күндүк мөөнөткө гана берилет. Мекенге кайтып баргандан кийин, күбөлүктү алган жаран бир айдын ичинде тиешелүү органдарга кайрылып жаңы паспортко арыз жазып МККны тапшырышы керек.

Мекенге кайтуу күбөлүгүн алуу үчүн жарандын Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы (Вашингтон шаары) элчилигине сөзсүз түрдө өзүнүн келиши жана төмөнкү документтерди көрсөтүүсү зарыл:

  1. Атайын белгиленген формадагы арызда Кыргыз Республикасынын жараны паспортунун эмне себептен жок экендигин далилдүү түшүндүрүшү керек.
  2. 3х4 см өлчөмдөгү үч сүрөт.
  3. Кыргыз Республикасынын жарандык паспорту, паспорт жоголгон учурда анын көчүрмөсү (эгер болсо).
  4. Жашаган өлкөнүн жергиликтүү органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жоголгон, уурдалган же алдырган тууралуу фактысы катталган справка.
  5. МКК алууну тездетүү үчүн жарандыкты далилдеген башка документтердин көчүрмөлөрүн тапшыруу зарыл: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин жалпы жарандык паспорттору (балдар үчүн), аскердик билет, сүрөтү менен болгон кызматтык күбөлүк, же болбосо экиден кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын күбө каты (чынында эле арыздын ээси Кыргызстандын жараны экенин ырастаган) паспортторунун көчүрмөсү менен бирге тиркелет. Бул документтердин жетишсиз болуп турган учурда Элчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарына жоголгон паспорт боюнча №1 формасын  талап кылганга мажбур болот (форма №1 суроо-талап анкетасы).
  6. Консулдук акы 20 АКШ долларын түзөт жана “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жөнөтүлгөн Money Order түрүндө кабыл алынат. 
  7. МКК алуу үчүн жарандардын Консулдун кабыл алуусуна алдын ала жазылышы зарыл. МКК боюнча кабыл алууга жазылыш электрондук почта аркылуу гана жасалат: kgconsul@kgembassy.org.

Маанилүү маалымат:

МКК менен Кыргызстанга кете турган жарандарга Элчилик транзитке виза талап кылбаган  өлкөлөр (Турция, Россия) аркылуу кетишин сунуштайт. Бул сунуш Европа өлкөлөрү аркылуу транзиттик багыт менен кеткендерден транзиттик виза талап кылган авиа-линиялар менен түшүнбөстүк болтурбоо максатында жасалат.