Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук тейлөө жүргүзүлөт

Урматтуу мекендештер, силерге төмөнкүлөр тууралуу маалымдайбыз:
2018-жылдын 1-декабрында саат 10-00дөн 17-00гө чейин Алберта провинцияcынын Эдмонтон шаарында жана 2-декабрында саат 15-00дөн 18-00гө чейин Британдык Колумбия провинциясынын Ванкувер шаарында Канадада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук тейлөө жүргүзүлөт.

Эдмонтон шаарындагы дареги: Amenity room on the 1st floor, 278 Suder Greens Dr NW, Edmonton, Alberta, t5t 6v6 (buzz is 1158 for an entrance door);

Ванкувер шаарындагы дареги: Mosaic newcomers center, 5902 Kingsway, Burnaby, BC V5J 1H2, Canada

Көрсөтүлгөн жолугушууда Кыргызстандын жарандары менен тийиштүү консулдук иштер жана консултациялар жүргүзүлөт (чет мамлекетке чыгуу паспортун жаңылоо, нотариалдык иш-аракеттер, СВРди тариздөө, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтер).
Ушуга байланыштуу, өзүңүздөрдүн катышуу ниетиңиздер тууралуу алдын-ала маалымдап коюну өтүнөбүз. Ошондой эле, Сиздерди кызыктарган бардык суроолор боюнча, алдын-ала Элчиликтин веб сайтынан таанышууңуздар зарыл жана консулдук иш-аракеттер боюнча толук документтерди даярдоо зарыл.

Суроолор жаралган учурда, төмөнкү даректер боюнча кайрылууну өтүнөбүз эл. почта – consul@kgembassy.org, же телефон 202-256-2924.
Элчиликтин Консулдук бөлүмү.