Home » Консулдук каттоо

Консулдук каттоо

Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоого алуу (консулдук каттоо)

Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстандын жарандарына консулдук каттоодон өтүү зарыл экенин эскертет! Консулдук каттоонун негизги максаты АКШ жана Канада аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын Конституциялык укуктарын сактоо (шайлоого катышуу), жана АКШ менен Канада өлкөлөрүндө алардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо (документерин жоготуп алса, кайра жаңы документ алганга жардам берүү) ж.б.у.с.

Консулдук каттоого туруу үчүн элчиликтин наамына төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:

  1. Белгиленген формадагы арыз
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту
  3. 2х2 дюйм (inches) өлчөмүндөгү бир даана түстүү сүрөт 
  4. АКШ / Канаданын туруктуу резидентинин картасынын, же жумуш/студенттик визасынын нотариалдык түрдө күбөлөнгөн  көчүрмөсү. Бул документтердин жарак мөөнөтү туура болушу зарыл!
  5. Консулдук акы төлөмү төмөнкүдөй эсептелет:
    – АКШ / Канада аймагында туруктуу жашаган жарандар үчүн – 5 АКШ доллары;
    – АКШ / Канада аймагында убактылуу жашаган жарандар үчүн – 3 АКШ доллары;
    * АКШда жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылган money order гана кабыл алат. (Эскертүү: АКШдан жеке чектер кабыл алынбайт).
    * Канадада жашаган арыз ээлеринин эсине: Элчилик америкалык доллары менен төмөнкү банктардын гана чектерин кабыл алат: JPMorgan Chase / Citibank / Royal Bank of Canada / Toronto Bank. Чектер “Embassy of the Kyrgyz Republic” наамына жазылышы керек. (Эскертүү: Канададан money order кабыл алынбайт).
  1. Төмөнкү почта кызматтарынын арыз ээсинин кайтарым дареги жазылган, төлөнгөн жана сөзсүз түрдө треккинг-номери болгон бир конверт: USPS, UPS, Fedex! Элчилик марка менен жөнөтүлгөн конверттер үчүн жоопкерчилик тарта албайт.

Аткаруу мөөнөтү 3 жумуш күнү.

Элчилик КР жарандары менен түздөн түз байланышка умтулат. Ошол ниетте социалдык түйүндөр аркылуу жеткиликтүү маалыматтарды ачык айрым ыкчамдыкда жарандарга жеткирүү менен биргеликте мамилелерди өрчүтөт. Сиздерге биздин https://www.facebook.com/kgembassyusa менен достошууну сунуштайбыз. Фейсбуктагы баракчабыз аркылуу сиздер консулдук маалыматтарды, элчилик өткөрүп жаткан иш чаралар менен кеңири тааныша аласыздар.