Home » Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаты (АКШ)

Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаты (АКШ)

Кыргыз Республикасы АКШ менен 1991-жылы 27-декабрда дипломаттык мамиле түзгөн.

АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп таанып кабыл алган өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстандагы АКШ элчилиги 1992-жылдын 1-февралында ачылган. Ошол эле жылы АКШда Кыргызстандын элчилигин расмий ачылышы болуп өткөн.

2014-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Токтогулов Кадыр Мирбекович АКШдагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Буга чейин АКШда элчи болуп: М.Джумалиев (2010 – 2014), З.Сыдыкова (2005-2010), Б.Абдрисаев (1996-2005), Р.Отунбаева (1992-1994) иштеп кеткен.

2015-жылдын сентябрынан баштап Кыргызстандагы АКШнын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп Шейла Гуолтни иштеп келет. Кыргызстанда АКШнын элчиси катары мурун: Ричард Майлз (убактылуу ишенимдүү өкүлү, февраль-сентябрь 2015), П.Спратлен (2011-2014), Т.Гфэллер (2008-2011), М.Йованович (2005-2008), С.Янг (2003-2005), Дж.Окиф (2000-2003), Э.Сигмунд (1997-2000), А.Маллой (1994-1997), Э.Хёрвитц (1992-1994) иштеп кетишкен.

Саясий кызматташтык

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы эки тараптын кызыкчылыгын сактаган мамилелердин өрчүшү АКШнын конгрессинде сенатор С. Браунбеков жетектеген «Улуу Жибек Жолу» деп аталган парламенттик топ түзүлүшүн шарттаган. Топ Орто Азия менен кызматташтыкты тереңдетүү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташтыкты чындоону колго алган. Бул топ 1998-жылы «Джексон-Вэник» аттуу конституциялык түзөтүүнү Кыргыз Республикасына карата  жоюп, Кыргыз Республикасынын БДСУ кирүүсүнө түрткү болушту.

2001-жылдын 11-сентябрдагы окуядан кийин Кыргызстан АКШ менен активдүү кызматташтыкка өтөт. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана регионалдык коопсуздукту коргоо боюнча 2001-жылдын келишимдин негизинде Кыргызстандагы «Манас» аэропортунда АКШнын «Ганси» авиа базасы жайгашылып туруп, 2009-жылы жоюлган. 2009-жылы 22-июнда жаңы келишим түзүлүп, 2014-жылы июлга чейин «Манас» транзиттик ташуу борбору болуп турду.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий кызматташтык Кыргызстандагы 2010-жылындагы 7-8 апрель окуясына чейин да, кийин да уланып келет. АКШ тарап Кыргызстанды колдоп бир катар расмий сапарларды уюштурду. 2010-жылдын экинчи жарымында 15ке жакын расмий жана мамлекеттик ар түрдү дэңгелдеги жолугушуулар уюштурулуп, анын ичине мамлекеттик катчы Х. Клинтондун 2010-жылдын декабрдагы расмий сапары да кирет.

Ошол эле мезгилде, 2010 жылдын сентябрында, 2011-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын убактылуу президенти Роза Отунбаева АКШга расмий иш сапар менен келип кетти. 2012 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – АКШ конгрессинин «Демократия үчүн шериктештик» комиссиясынын өнөктөшү болуп калды. Комиссиянын бул программа алкагында 2012-2015 жылдары АКШга Кыргыз Республикасынын парламентинин ондогон өкүлдөрү келип кетишти. Анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппарат кызматкерлери да болду. 2012-жылдын сентябрында иш сапары менен Жогорку Кеңештин төрагасы А. Жээнбеков Вашингтон жана Нью- Йорк шаарларында болуп, жолугушунун жүрүшүндө конгресстин жетекчилери, министирликтер жана Американын таасирдүү бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

2013-жылы Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитетинин төрагасы К.Иманалиев эки жолку расмий сапарында конгресс, башка мамлекеттик жана бей өкмөт уюмдары менен бир канча жолугушууларды өткөрүп кайтты. 2015-жылдын 25-26 июнда АКШ конгрессинин Европа жана Евразия боюнча комитетинин алдындагы өкүлдөрүнүн чакыруусу боюнча, К. Иманалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер комитетинин өкүлдөрү расмий иш сапары менен Америкада болуп кайтышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандык парламенттик өкүлдөр Конгрессте жана АКШнын мамлекеттик департаментинде болушуп, ошондой эле Конгресс библиотекасынын алдында түзүлгөн «Ачык дүйнө» борборунун жетекчилери, Эл аралык республикалык институтунда, Улуттук Демократиялык институтунда жана Эл аралык билим берүүнүн Америкалык кеңешинде (ACCELS) болуп манилүү жолугушуларды өткөрүп кайтышкан. Бардыгы болуп, 2011-2015 жылдары АКШ Конгрессмендеринин Кыргызстанга 4 жолку сапары уюштурулса, КР ЖКнын депутаттары АКШга 11 жолу келип кетишкен. Кыргызстан менен АКШ ортосундагы үзгүлтүксүз саясий баарлашуусун жыл сайын өтүүчү Эки Тараптуу Кеңеш жыйыны тескейт. Акыркы эсеп менен 3 Кеңеш жолугушуусу 9 апрелде 2015-жылы Вашингтондо болуп өттү.

                                                Экономика-соода кызматташтыгы

Кыргызстан менен Американын экономика-соода мамилеси БДСУнун алкагындагы келишимдин негизинде жөнгө салынат жана соодадагы бир топ жагымдуу жагдайларга шарттар түзүлөт. Эки өлкөнүн экономикасындагы карым катышынын укук нормативтүү базасына төмөнкү келишимдер кирет: Соода мамилелери; Инвестиция тартуу; Инвестицияны өбөлгөлөө; 1992 жылы май (бугу) айындагы инвестицияны коргоо; 1993 жыл 19 январдагы (үчтүн айы) капитал салымды эки тараптан коргоо жана кызыктыруу; 2002 жылкы 15 февралындагы (бирдин айы) эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өрчүтүү жана КР экономикасынын колдоо жөнүндөгү; 2010 жылы 25 октябрдагы (тогуздун айы) экономикалык реформаны колдоо жана экономикалык өрчүтүү уюму аркылуу башкаруу. 1998 жылы АКШнын Конгресси «Джексон-Вэник» аттуу түзөтүүсүн алып салып, ордуна КР менен нормалдуу соода мамилесинин тартибин (НСМТ) сунуштаган закон кабыл алышты.

Соода жана инвестиция боюнча статистика

КР Улуттук статистикалык комитетинин эсеби боюнча тышкы соода айланышы 2014 жылы январь-декабрь (үчтүн айы- бештин айы) айларында 237,1 миллион АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде, АКШга тышка сатуу 2,05 миллион, өлкөгө алып келүү 234,6 миллион АКШ долларын түзгөн. Кыргызстандын АКШ менен тышкы соода айлануусу жалпы соода айлануунун 3,1 % түзөт. КРдан АКШга негиздилген экспортко: химия кошулбаган азыктар, териден жасалган буюмдар, нукура жана жасалма тери, жүн буюмдары, килем жана килемден жасалган буюмдар, трикотаждык жана текстилдик кийимдер, даяр текстилдик буюмдар жана кара металлдан жасалган буюмдар. Ал эми, КРсына жеңил авто унаалар, дары дармектер жана медицина жабдыктары, эт, жер казуучу машиналар алынат. АКШдан 2014 жылдын январь-декабрь(үчтүн айы- бештин айы) ичинде түз түшкөн инвестиция 8-9 миллион АКШ долларын түздү. Акыркы жылдардагы АКШдан түшкөн инвестицияны КР финансы ишмердиги жана кызмат көрсөтүү тармагына сарптаган. АКШ Кыргызстанга расмий жардам көргөзгөн эң ийри донор өлкө болуп эсептелет. Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгондон бери, жалпы өлчөмү 1,5 миллиард АКШ доллары менен жардам берди, анын ичинде 400 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы төлөөсүз бекер берилген жабдуулар менен жардам берген. ЮСАИД (АКШдагы эл аралык өнүктүрүү агенствосу) жана АКШдан 2016 жылга Кыргызстан үчүн расмий жардамга суралган сумма 50 миллион АКШ долларын түзөт. Орто Азия мамлекттер ичинен Кыргызстан АКШдан эң чоң өлчөмдөгү расмий жардамды алуучу өлкө болуп эсептелинет.

Маданий жана гуманитардык кызматташтыгы

Маданий гуманитардык чөйрө – эки тараптуу кызматташтыктын эң бир тыгыз байланыштагы бөлүгү. Ар түрдүү программалардын негизинде ишке ашырылып анын ичинде ЮСАИД (АКШдагы эл аралык өнүктүрүү агенствосу) Тынчтык Корпусу, АКШ Китепканасанын алдындагы «Ачык дүйнө» программасы, Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңеши (ЭББАК) камтыйт ж.б.у.с.

АКШда КР элчилиги тарабынан акыркы мезгилдерде бир катар иш чаралар арбын өткөрүлүүдө: Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн катышуусу менен колго жасалган буюм тайымдар көргөзмөлөрү;

КР көркөм өнөр чеберлери, музыканттар, артисттери өз чеберчилигин АКШнын өкүлдөрү катышкан маданий иш чараларда тартуулашууда. Кыргызстандык балдар алардын ичинде Кыргызстандан АКШ үй-бүлөөлөрү багып алган балдар катышкан бөбөктөрдүн ар түрдүү сүрөт сынактары, улуттук аялзат кийимдер коллекцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. Кыргыз элчилиги АКШда 2013-2014 жылдары өткөрүлгөн «Элчиликтерге саякат» иш чарасына катышып, иш чаранын жүрүшүндө 4500 жана 8500 адам элчиликте болушкан. Алар Кыргыз элинин маданияты салты, жашоо тиричилиги менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Диаспоралар менен кызматташтыгы

Акыркы жылдары кыргыз-америкалык мамилелердин өнүгүшүүнө, Америкадагы кыргыздардын ар түрдүү уюм, бирикме, ассоциациялардын таасири өзгөчө роль ойноодо. Ар түрдүү социалдык кайрымдуулук проекттери менен (балдар үйлөрүнө жана балдарды колдоо, кыргыз салттарын жайылтуу, маданият, спорт, ж.б.у.с) чоң салымдарын кошуп келет. Кыргызстандык бирикмелер КР менен АКШнын ортосундагы социалдык, гуманитардык маданий жана экономикалык кызматташтыкка да таасирин тийгизүүдө. Бул бей өкмөт уюмдар коомдук саясий иш чараларга активтүү катышат. Үзгүлтүксүз КР бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп турушат. Бүгүнкү күндө АКШдагы КР элчилигинде 4000дей жараан катталган. Бирок элчиликке катталуу өз эрки менен болгондуктан, бул сан Америка жана Канада боюнча так көрсөткүч эмес. Америкага келген Кыргызстандыктардын орчундуу бөлүүгү окууганы келгендер, кара жумуш жана тейлөө чөйрөсүндө. Ошол эле учурда, бүткүл дүйнөгө белгилүү компанияларда, ишканаларда иштегендер жеке ишкерлик менен алектенгендер да бар.