Кыргыз музыка жана искусствосуна арналган кечеси Вашингтон шаарында өттү

Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилилиги 2017-жылдын  7- сентябрында Вашингтон шаарынын Вудро Вильсон борборунда кыргыз музыка жана искусствосуна   арналган кечесин өткөрдү.

Кыргызстандын «Соленные орешки» алдыңкы джазансамбль кыргыз композиторлорунун музыкалык чыгармаларын америка аудиториясынакөрсөтүштүАнын алдында, 3-сентябрыдатоп НьюЙорктун легендарлуу «Birdland» джазклубунда ийгиликтүү чыгышкан.

Бул кечеде Гульмира Акматованын да чеберчилик буюмдары көрсөтүлдү. Анда, КР АКШ жана Канададагы Толук Ыйгарымдуу Элчиси Кадыр Токтогулов, Кеннан Институтунун Вудро Вильсон борборундагы жетекчиси Мэтью Рожански жана ошондой эле Джорж Вашингтон Университетинин борбордук Азия боюнча программасынын өкүлү Мария Розанова-Смит сөз сүйлөштү. Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгондон кийинки жетишкендиктерине, искусствосуна жана музыкалык тармактарына, ошондой эле кыргыз аялдарынын жетишкендиктерине баа берилип, жылуу сөздөр айтылды.