Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчиси Кадыр Токтогулов 2018-жылдын 13-июлунда Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс менен жолугушуу өткөрдү.

Маектин жүрүшундө маектештер кыргыз-америка кызматташтыгын кеңейтүүнүн жана жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле достуктун жана өз ара урматттоонун рухунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы мамилени өнүктүрүү үчүн биргелешип күч жумшоону макулдашты.

Аталган жолугушуунун алкагында, Элчи К.Токтогулов АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө Кыргызстандагы III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады. Э.Уэллс, өз кезегинде, Америка тарабы Оюндарга активдүү катышууну пландап жаткандыгын билдирди.