Жарыя

Урматтуу мекендештер, АКШ жана Канада жергесиндеги кыргызстандыктар,

1-май – эмгекчилердин күнүнө, жана 9-май- Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2019-жылы эс алуу күндөрүн алмаштыруу жөнүндө” Токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-майында жана 9-майынан баштап 12-майына чейинки күндөрү эс алуу күндөрү деп саналат.
Ушуга байланыштуу белгиленген күндөрү – 2019-жылдын 1-майында жана 9-майынан баштап 12-майына чейинки күндөрү Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилиги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Элчилиги май майрамдар – Эмгек майрамы, КРнын Конституциясынын күнү жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш майрамдар менен куттуктайт.
Ар бир кыргызстандык жаранга бакыт-ырыскы, бакубаттуулук, ал эми Кыргызстаныбызга туруктуу, гүлдөп, өсүп-өнүгүүнү каалайт.